Ошто 291 миң сомду мыйзамсыз түрдө өзүнө ыйгарып алган ишкана жетекчисинин былык иши аныкталды

Ош ШИИБинин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан “Кыргыз комфорт” ишканасынын жетекчиси кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы аныкталды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган ишкананын М.М. аттуу директору кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ишканада авиабилеттерди сатуудан түшкөн 291 725 сомду мыйзамсыз түрдө өзүнө ыйгарып алган. Аталган факты боюнча бардык тиешелүү документтер Ош ШИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан