SUPER TV: Азия чемпиондугунда коло медалдарды жеңип келген сумочулар: "Сегиз порция тамакты бир жейбиз"

20-23-июль күндөрү Тайвандын борбору Тайбэй шаарында спорттун сумо түрү боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз өлкөсүнүн сумочулары Алмаз Эргешов менен Тилек Усупов коло медалга ээ болуп кайтышты. 38 жаштагы Алмаз Эргешовдун салмагы 190 килограмм болсо, 46 жаштагы Тилек Усуповдуку 130 килограммды түзөт. Узак жол жүрүп, кечээ түндө учактан түшкөн балбандар чарчаганына карабай, SUPER TV'га кызыктуу маек куруп беришти.

Балбандардын бири жакында эле кыздуу болгон. Бирок мелдеш деп чет өлкөдө жүрүп, жаңы төрөлгөн кызын көрө элек. Ал эми экинчиси Тилек Усуповдун үй-бүлөсү спортчулардан куралган. "Жубайым жеңил атлетчи" деген спортчу тамак рационуна эмнелер кирерин, дегеле сумочулар кандай тамактанарын кеп кылып берди.

Видеону көрүү үчүн шилтеме аркылуу SUPER TV бөлүмүнө өтүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Dembele84
2018-07-26 15:01:04
менин 3 кундук тамагымы бир жейт экен да бир отурганда)))
0
Romantik.
2018-07-26 17:25:03
Эмне кереги бар дейм да)
-1
monster_high_98
2018-07-26 17:34:47
Бирок ден соолукту да ойлоо керек
-2
mr.ulan89
2018-07-27 00:40:05
Мен да диета кармагым келип кетти манты плов лагман жакшы диета экен келинчегиме айтайынчы
-2
bond02
2018-07-27 03:01:24
Ушул спорттун турун кыргыздарга сунуштабай эле койгулачы.
-2
AKCAHAT
2018-07-27 18:44:04
Жубайын жууруп койот го нерфине тийсе
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан