Самбо боюнча Кыргыз курама командасы Азия оюндарына жана III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярданууда. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында 24 спортчу окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө. Спортчулар башкы машыктыруучу Артур Сондун жетекчилигинин алдында машыгып жатышат. Көчмөндөр оюндарында самбочулар 6 салмак категориясында күч сынашат, алар 52, 62, 68, 74, 82 жана абсолюттук салмак категориясы. Ал эми Азия оюндарында спортчуларыбыз 52 жана 90 килограмм салмакта медаль үчүн күрөшөт.
Окуу-машыгуу жыйындарына чакырылган спортчулар:
Азамат Аскаеев - спорт чебери;
Тилек Аманкулов - спорт чебери;
Эламан Касымбаев - эл аралык даражадагы спорт чебери;
Белек Бараканов - спорт чебери;
Нурсултан Уланов - спорт чебери;
Урмат Мамбетжан уулу - эл аралык даражадагы спорт чебери;
Илгиз Эрнис уулу - спорт чебери;
Илгиз Каналбек уулу - спорт чебери;
Айдос Алиев - спорт чебери;
Саяк Бараканов - спорт чебери;
Иманбек Тентиев - спорт чебери;
Данияр Бейшеев - спорт чебери;
Даирбек Карыяев - спорт чебери;
Азат Аманбеков - спорт чебери;
Турарбек Жолдошказиев - спорт чебери;
Анара Жумали кызы - спорт чебери;
Динура Сулайманова - спорт чебери;
Анара Эстебесова - эл аралык даражадагы спорт чебери;
Самара Абдумалик кызы - спорт чебери;
Бахадыр Ибраимов - спорт чебери;
Орозбек Автандил уулу - эл аралык даражадагы спорт чебери;
Бексултан Расулбек уулу - спорт чебери;
Олжобай Болотбек уулу - спорт чебери;
Элдос Масиев - спорт чебери;
Артур Сон - башкы машыктыруучу;
Эдуард Пак - машыктыруучу.