Бүгүн, 27-июнда президент Алмазбек Атамбаев “2012-жылдын 11-декабрында Берлин шаарында кол коюлган Кыргызстан менен KfW, Франкфурт–на-Майне ортосундагы “Карыздык милдеттенмелерди конверсиялоо III Коммуналдык инфраструктура жана жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү” долбоору боюнча карыздык милдеттенмелерди алмаштыруу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 13-июнунда кабыл алынган. Ага ылайык, КРнын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстан жогоруда аталган келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө KfWга билдирүүгө милдеттендирилди. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.