Жарандык активист Айбек Мырза: "Суракматов мэр болуп калса, коррупция менен күрөшпөй эле өркүндөтөт"

Көпчүлүк коалициясы Бишкек мэрлигине Азиз Суракматовдун талапкерлигин көрсөттү. SUPER.KGпорталынын "Бул сунушка кандай карайсыз?" деген соболуна жарандык активист Айбек Мырза жооп берди.

Ал Азиз Суракматов мэр болуп шайланса, коомчулуктагы нааразычылык күчөй турганын белгиледи. "Суракматовдун курулуш компаниясы бар. Ал 7-кичи райондо балдар ойной турган аянтчаны талашып, ошол жакка көп кабаттуу үй курабыз деп чыккан. Биз жергиликтүү жашоочулар менен бирге митингдерди уюштуруп, балдар аянтчасын коргоп калганбыз. Балдардын аянтчасына көз артып жаткан адам кантип Бишкек шаарынын мэри болот? Ал эч качан шаар тургундарына, шаарга жан тартпайт. Суракматов мэр болуп калса коррупция менен күрөшпөй эле өркүндөтөт. Шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция анын кылган ишин, эмгегин, программасын карабай эле бизнес кызыкчылыктары үчүн колдоду. Ал мэр болуп шайланса коомчулукта нааразычылык пайда кылып, бийликке болгон ишенимди төмөндөтөт", - деди Айбек Мырза.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев, шаардык кеңештин депутаттары Канатбек Мүзүралиев, Таалайбек Сагынов, Таалайбек Сариев, журналисттер Канышай Мамыркулова, Тынчтык Алтымышев, жактоочу Искен Афиджанов, коомдук ишмер Камила Талиева, жарандык активист Аманбол Бабакуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан