Жарандык активист Аманбол Бабакулов: "Кыргыз мамлекетинде башка кадр жок калгандай Суракматовдун талапкерлигин мэрликке көрсөткөнүнө каршымын"

Көпчүлүк коалициясы Бишкек мэрлигине Азиз Суракматовдун талапкерлигин көрсөттү. SUPER.KG порталынын "Бул сунушка кандай карайсыз?" деген соболуна жарандык активист Аманбол Бабакулов жооп берди.

Ал Суракматовдун талапкерлиги мэрлик кызматка көрсөтүлгөнүнө каршы экенин айтты.
"Суракматов - мурдагы президент Курманбек Бакиевдин кадры. 2008-жылдан бери Бишкек башкы архитектурасында башкы архитектордун орун басары болуп иштеп келген. Аны КСДПдан депутаттыкка талапкер болгонун билбейм. Азыр маалымат каражаттарынан окуп, нес абалда болуп калдым. Анткени 2010-жылы болгон революция ошондой адамдардан кутулуу максатында болгон. Сооронбай Шарипович быйылкы жылды "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялады. Анда эмне үчүн айылдык балдарды көтөрбөйт? Баягы эле Акаев, Бакиевдин кадрларын кызматтарга коюп жатат. Мен Суракматовдун талапкерлигине толугу менен каршымын. Анткени мэр боло турган адам чарбачыл болуш керек. Кыргыз мамлекетинде башка кадр жок калгандай Суракматовду мэрлик кызматка көрсөтүп жатышканына каршымын", - деди Бабакулов.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев, шаардык кеңештин депутаттары Канатбек Мүзүралиев, Таалайбек Сагынов, журналисттер Канышай Мамыркулова, Тынчтык Алтымышев, жактоочу Искен Афиджанов, коомдук ишмер Камила Талиева, жарандык активисттер Айбек Мырза, Аманбол Бабакуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан