Көпчүлүк коалициясы Бишкек мэрлигине Азиз Суракматовдун талапкерлигин көрсөттү. SUPER.KG порталынын "Бул сунушка кандай карайсыз?" деген соболуна журналист Канышай Мамыркулова жооп берди.
Ал Суракматов мурдагы мэр Албек Ибраимовдой эле мыйзамсыз курулуш иштерине катышы бар делген адам экенин айтты. "Мен бул кишинин мэрликке көрсөтүлүшүнө аябай эле каршы пикирдемин. Дал ушуга байланыштуу кечээ президент Сооронбай Жээнбековго интернет аркылуу кайрылуу жолдодум. Бүгүн анын кагаз түрүндөгү үлгүсүн расмий түрдө жеткирем. Анткени Бишкек шаарында өлкө калкынын көпчүлүк бөлүгү жашайт. Ушундай шартта шаар башчысы таза жол менен шайлануусу керек. Буга чейин шаарды жетектеп келген Албек Ибраимовдун иши кандай аяктаганын эл жакшы билет. Анан кылмыш иши козголгон Албек Ибраимовдун ордуна кайра эле КСДП тарабынан мыйзамсыз курулуш иштерине катышы бар делген адамдын көрсөтүлүп жатышы дагы эле мурдагы оюндардан арыла албай жатканыбызды көрсөтөт. Жакында эле кыркка жакын жарандык коом өкүлдөрү президент менен жолуккан. Ошондо сот, укук коргоо органдарын реформалоо, коррупция боюнча маселелер көтөрүлгөн экен. Эмгек жолу элге таанымал эмес, таанылса да мыйзамсыз иштерге катышы бар экени айтылып жүргөн адамдын шаар башчылыгына көрсөтүлүп жатканы туура эмес”, - деди Мамыркулова.
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев, шаардык кеңештин депутаттары Канатбек Мүзүралиев, Таалайбек Сагынов, Таалайбек Сариев, журналист Тынчтык Алтымышев, жактоочу Искен Афиджанов, коомдук ишмер Камила Талиева, жарандык активисттер Айбек Мырза, Аманбол Бабакуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.