
Өзбекстандын Ташкент шаарында Борбордук Азия футбол ассоциациясынын мелдешинде жаштар арасындагы (U-15) Кыргыз курама командасы Өзбекстан курамасына жеңилип, мелдештеги 3-жеңилүү ызасын тартты. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынан билдирди.
Кыргыз курамасы 3-турдун алкагында Өзбекстан курамасы менен кез келип, тилекке каршы, 2:0 эсебинде жеңилип калды. Муну менен Кыргыз футболчулар мелдештеги 3-жеңилүү ызасын тартты. Алар буга чейин Иран курамасына 0:2 эсебинде жана Ооганстан курамасына 2:1 эсебинде утулуп калган.
Айта кетсек, аталган мелдеште 6 өлкөнүн 15 жашка чейинки курама командалары катышып, анда Ооганстан, Иран, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кыргыз Республикасынын футболчулары күч сынашууда. Мелдеш 22-30-июль аралыгында Ташкенттин 3 стадионунда өтүп жатат.
4-турдун алкагында Кыргыз курама командасы Тажикстан курамасы менен кез келет. Аталган беттеш 28-июлда Бишкек убактысы боюнча саат 19:30да старт алат.
Кыргыз курамасынын беттештеринин тизмеси:
- 22-июль: Кыргыз Республикасы-Иран - 0:2;
- 24-июль: Ооганстан-Кыргыз Республикасы - 2:1;
- 26-июль: Өзбекстан-Кыргыз Республикасы - 2:0;
- 28-июль: Кыргыз Республикасы-Тажикстан (Бишкек убактысы боюнча саат 19:30);
- 30-июль: Түркмөнстан-Кыргыз Республикасы (Бишкек убактысы боюнча саат 19:30).