Бүгүн, 27-июлда Хорватиянын Загреб шаарында дзюдо боюнча Гран-При мелдеши старт алып, Кыргыз спортчуларынын алгачкы атаандаштары белгилүү болду.
Аталган мелдеште 78 өлкөнүн 513 спортчусу катышып, 14 медалдар топтому үчүн күрөшөт. Кыргыз Республикасынан бул мелдешке 7 спортчу, башкы машыктыруучу Сергей Мистрюковдун алдында катышууда.
Кыргыз дзюдочуларынын атаандаштары:
60 килограммга чейинки салмак ченинде:
1/16 финал: Отар Бестаев - Тогтохбаяр Магсар (Монголия)
66 килограммга чейинки салмак ченинде:
1/32 финал: Артур Тё - Гумар Кыргызбаев (Казакстан);
73 килограммга чейинки салмак ченинде:
1/32 финал: Бектур Рысмамбетов - Никола Гардашевич (Монтенегро)
81 килограммга чейинки салмак ченинде:
1/32 финал: Владимир Золоев - Кристиан Тонисте (Эстония)
90 килограммга чейинки салмак ченинде:
1/32 финал: Фарух Булеркулов - Иван Воробьев (Орусия)
100 килограммдан жогорку салмак ченинде:
1/16 финал: Бекболот Токтогонов - Александр Вахавяк (Белорусия);
1/16 финал: Юрий Краковецкий - Вито Драгич (Словения) менен Жур Спикерс (Голландия) беттешинин жеңүүчүсү.