Бүгүн Ысык-Көлдө кум жээктеги волейбол боюнча Өлкө чемпиондугунун 2-туру старт алат

Бүгүн, 27-июлда Ысык-Көл облусунун Бактуу Долоноту айылында кум жээктеги волейбол боюнча Өлкө чемпиондугунун 2-туру старт алат. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда SUPER.KG порталына волейбол федерациясынан билдирди.

Аталган мелдеште 20 команда катышып, медалдар үчүн күрөшүүдө. Анда эркектер арасындагы мелдеште 8 команда күч сынашса, кыз-келиндер арасында 12 команда күч сынашып жатат.

1-турдун жыйынтыгында эркектер арасындагы мелдеште алдыңкы 3 орунда "EREM", "Билим" жана "Билим-2" командалары жайгашкан. Ал эми кыз-келиндер арасындагы мелдеште алдыңкы 3 команда - "Дордой", "Дордой-2" жана "Салам-Алик" болгон.

28-июлда орун ала турган оюндардын тизмеси:

Эркектер арасындагы мелдеште:

"EREM-2" - "Сконда-2"

"Кара-Балта" - "Улар"

"Билим-2" - "Сконда-1"

"Билим-1" - "Ала-Тоо"

Кыз-келиндер арасындагы мелдеште:

"Салам-Алик-2" - "Сконда"

"Салам-Алик-4" - "Салам-Алик-3"

"Билим-2" - "Улар-2"

"Билим-1" - "Ала-Тоо"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан