Америкалык актриса Мишель Уильямс Mount Eerie деген каймана аты менен таанымал болгон музыкант Фил Элверумга турмушка чыкты. Бул тууралуу батыш маалымат булактары жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, актриса менен ырчынын үлпөт тою Нью-Йорктогу Адирондак тоо кыркасында өткөн. Түгөйлөрдүн тоюна эң жакын туугандары жана достору келишкен.