Кытайда 56 жаштагы аялдын бөйрөгүнөн 3 миңге жакын майда таш алынды

Кытайдын Чанчжоу аймагындагы клиникалардын биринде 56 жаштагы аялдын бөйрөгүнөн 3 миңге жакын майда таш алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, аталган аймактын 56 жаштагы жашоочусу ичим ооруп жатат деп ооруканага кайрылган. Дарыгерлер медициналык текшерүүдөн кийин ага операция жасап, таң каларлык окуянын күбөсү болушкан. Тактап айтканда, бейтаптын бөйрөгүнөн 2980 майда таш алынган. Таштарды саноо үчүн дарыгерлерге 1 саат убакыт талап кылынган. Алардын айтымында, бейтаптын бөйрөгүндөгү таштын көп санда болушу инфекциянын келип чыгуусуна алып келген. Инфекция жайылып кетүү менен кант диабетин пайда кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан