Футбол боюнча Орусиянын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Станислав Черчесов жуманын аягына чейин команда менен болгон келишимин узартары белгилүү болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Станислав Черчесов келишимди узартуу менен бирге эле жаңы суммадагы айлык акы алып баштайт, тактап айтканда, жылына 2 миллион 400 миң евро алат. Бардык бонустарды эске алганда 54 жаштагы машыктыруучунун маянасы 3 миллион еврого чейин жетиши мүмкүн.
Айта кетсек, Черчесов улуттук курама команданын башчылыгына 2016-жылы келген. Анын кол алдында улуттук курама команда Дүйнө чемпиондугунда чейрек финалга чейин жеткен.