Британиялык басылмалар Нигериянын 5 жаштагы жашоочусун дүйнөдөгү эң сулуу кыз деп аташты. Көпчүлүк интернет колдонуучуларды суктантып, кызыгуусун жараткан Жейр аз убакыт ичинде популярдуу адамга айланды.
Жейрдин сүрөттөрүн алгач сүрөтчү Мофе Бамаива өзүнүн Инстаграммдагы баракчасына жарыялаган. Көпчүлүк интернет колдонуучулар алгач бул сүрөттөр жасалганын айтып, кыздын табигый сулуулугуна ишенишкен эмес.
"Мен сүрөт үчүн кыздан анын жылмайышын же күлүшүн сурансам болмок, бирок мен аны эч жасалмалуулугу жок сүрөткө тартып, элге анын көздөрүн көрсөткүм келди", - деп билдирген сүрөтчү.
Ошондой эле Мофе Бамаиванын билдиргенине ылайык, Жейр модель болуп иштебейт, бирок сүрөткө түшүүдөн жана ар кандай образдарды жаратуудан эч тартынбайт.