Волейбол боюнча Кыргыз улуттук курама команда Азия оюндарына Ысык-Көлдө даярданууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясы билдирди.
Волейбол федерациясынын башкы катчысы Кылыч Сарбагышевдин айтымында, Кыргыз курама командасы 26-июлдан баштап Ысык-Көлдө окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө. "Курама команда күнүнө 3 жолу машыгып жатат, машыгууларга өлкөбүздүн мыкты оюнчулары чакырылган. Жыйындардын алкагында 2 казакстандык команда менен жолдоштук беттеш өткөрүп, жетишкендиктерди жана кемчиликтерибизди көрө алдык", - дейт ал.
Азия оюндарында волейбол боюнча мелдеште 20 курама команда күч сынашат. Алар 6 тайпага бөлүнгөн. Чүчү кулактын жыйынтыгында Кыргыз курамасы Индонезия жана Сауд Арабия курамалары менен бир тайпага туш келген.
Айта кетсек, Азия оюндары Индонезияда 18-августтан 2-сентябрга чейин өтөт. Кыргыз курама командасы 13-августта Индонезияга сапар алып, 20-августта алгачкы беттешинде Индонезия курама командасы менен кездешет.