27-июнда президент Алмазбек Атамбаев “КРнын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө” КРнын конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам ушул жылдын 20-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ал Жогорку Соттун конституциялык палатасы жөнүндө мыйзамдын 6-жана 61-беренелеринин ортосунда орун алган коллизияны жоюу максатында кабыл алынган. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.