Кыргыздан чыккан мушкер Юлия Борисова Fight Night Global уюмунун чемпиондук куру үчүн беттешет. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты жарыялады.
Маалыматка ылайык, 19-октябрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Fight Night Global мелдеши өтүп, анын алкагында 12 беттеш орун алат. Анда Юлия Борисова 56,7 килограмм салмак ченинде жеңилүү ызасын тартып көрбөгөн казакстандык Мария Агапова менен чемпиондук кур үчүн беттешет. Мария Агапова буга чейин 5 беттеш өткөрүп, бардыгында жеңишке жетсе, Юлия Борисова 9 беттеште 5 жолу жеңишке жетип, 4 жолу жеңилип калган.
Айта кетсек, Юлия Борисова 1985-жылы Бишкек шаарында төрөлүп, спорттун бир нече түрүнөн ийгиликтерди жараткан. Юлия Борисова тай бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалынын ээси, кикбокс, таэквондо боюнча Азия чемпиону.