Саясат таануучу Даниел Кадырбеков: "Азыркы өкмөттөн 100 күн өтөбү, 5 жыл өтөбү эч кандай үмүт жок"

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтүнө 100 күн болот. SUPER.KG порталынын "Анын ишине кандай баа бересиз?" деген соболуна саясат таануучу Даниел Кадырбековдун пикири төмөнкүдөй болду.

Кадырбековдун айтымында, бул өкмөт канча убакыт өтпөсүн реформа жасай албайт.

"Азыркы өкмөттөн 100 күн өтөбү, 5 жыл өтөбү эч кандай үмүт жок. Бул өкмөттүн колунан өзгөртүү, реформа жасоо келбейт. Өрт өчүрүүчү сыяктуу эле ачылган жерди жаап жүрө беришет. Андан сырткары эң кызыктуусу - бул өкмөттүн иши аркылуу президент сынга кабылат. Себеби Жээнбеков жаңы өкмөт түзүлүп жатканда өзүнүн ошол учурдагы өкмөт башчысы кылып чыгарып, саясий бийликти жана жоопкерчиликти өзүнө алган. Ошондуктан бул өкмөт президенттин эң чоң катасы жана жаңылыштыгы болуп чыгат. Бул өкмөттүн түзүмүндө толугу менен бюрократтар менен жылдап өкмөттө отуруп, бир реформа кылбаган, прогресске тоскоолдук жараткан, тез өзгөрүп жаткан дүйнө процессин түшүнбөгөн адамдар отурушат", - деди Кадырбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Урматбек Самаев, Максат Сабиров, Төрөбай Зулпукаров, экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов, коомдук ишмер Манас Саматов, жарандык активист Мавлян Аскарбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан