Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтүнө 100 күн болот. SUPER.KG порталынын "Анын ишине кандай баа бересиз?" деген соболуна жарандык активист Мавлян Аскарбеков жооп берди.
Аскарбеков азыркы өкмөт ишти алдыга жылдырууда эч кандай чечкиндүү кадам жасай алган жок деген пикирде.
"Калыс, ачык пикир айта турган болсок, жаңы бийликтин жаңы өкмөтү биз күткөн, биз ойлогон реформаны, өзгөрүүлөрдү алып келе алган жок. Элдин үмүтүн актай алган жок. Ушул өкмөтүбүздүн чабалдыгы президенттин аброюна көлөкө түшүрөт. Өкмөт учурда катанын артынан ката кетирип жатат. Суунун тарифин көтөрүү, телефондорду каттоо, ушул сыяктуу коомдун кызыкчылыгына каршы келген сунуштарды көтөрүп жатышат. Бул сунуштар өкмөттүн деңгээли кандай экенин көрсөтүп койду. Бүгүн бизде экономикалык реформалар жасалган жок. Мисалы, Абылгазиевдин Армения өкмөт башчысы Никол Пашинян, Сингапурдун премьер-министри болгон Ли Куан Ю сыяктуу чечкиндүү кадамдарга барганын же болбосо айтылган идеяларын көрө алган жокпуз.
Бул өкмөттүн өмүрү ушул күзгө чейин, менин оюмча, президент тарабынан жаңы өкмөттүн курамы каралып, күздө жаңы реформаторлук, техникалык, экономикалык кадамдарга басым жасаган өкмөттүн келиши зарыл. Учурда өкмөт эптеп эле тынч отурушубуз керек деген позицияны карманып калды. Буларды да түшүнсө болот, кечээ өкмөттө иштеп кеткендер камалып, натыйжада буларда дагы коркуу сезими пайда болуп, алдыга кадам жасай албай, иш токтоп калды. Өкмөт коркпогон, күчтүү, эрктүү адамдардан түзүлүшү керек. Азыркы өкмөттүн унааларга болгон бажы төлөмүн азайткан чечимин кубаттадым. Бирок бул чечим да кеч кабыл алынды. Бул 100 күндө кабыл алынчу иш эмес, 3 күндө чечиле турган иш", - деди Аскарбеков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Урматбек Самаев, Максат Сабиров, Төрөбай Зулпукаров, экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов, коомдук ишмер Манас Саматов, саясат таануучу Даниел Кадырбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.