Бишкек жана Ош шаарларынын макамдары жөнүндө мыйзам долбоорлору кабыл алынды

Бүгүн, 27-июнда парламент жыйынында “Бишкек шаарынын макамы жөнүндө” жана “Ош шаарынын макамы жөнүндө” мыйзам долбоорлору кабыл алынды. Мыйзам долбоорлорунда борбор шаардын мэрине мэрликтин түзүмүн аныктоо жана аны өз мөөнөтүндө бекитүү үчүн шаардык кеңештин кароосуна киргизүү укугу каралган. Мэрликке мэр, биринчи вице-мэр, вице-мэр, шаардын негизги муниципалдык кызматтары менен мэриянын аймактык бөлүктөрүнүн жетекчилери кирет. Мэрлик курамы мэрдин сунуштамасы боюнча шаардык кеңеш тарабынан бекитилет. Мэр мэрликке караштуу түзүмдүк бөлүктөрдүн жетекчилеринен сырткары, шаар аймагында жайгашып, шаар калкынын турмуш-тиричилигин жөнгө сала турган негизги мамлекеттик ишканалардын жетекчилерин кызматка дайындайт. Мэрдин ыйгарым укуктары кеңейтилүү менен бирге, анын ишине карата көзөмөл кыйла күчөтүлөт. Мэрди кызматтан алуунун 10 механизми каралган. Ал прокуратуранын демилгеси боюнча кызматтан алынат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан