Депутат Урматбек Самаев премьердин аткарган иши тууралуу: "100 күн көп иштерди жасап салууга аздык кылат"

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтүнө 100 күн болот. SUPER.KG порталынын "Анын ишине кандай баа бересиз?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Урматбек Самаев жооп берди.

Ал премьер-министрге дагы убакыт берүү керектигин айтты. "Мухаммедкалый Дүйшекеевич саясатка аралашпай, интрига менен алаксыбай өзүн экономист, адис катары чыныгы мамлекеттик кызматкер экенин көрсөтүп жатат. Мурунку премьер-министрлер саясатка аралашып, өздөрүн келечекте президенттикке тымызын даярдап, командасын түзүп, ушундай саясий интригаларга көп алаксычу. Өкмөт башчынын иштеп жатканы бар же жок экени билинбегенинде. Себеби ал пиар менен эмес, иш менен алек болуп жатат. Ал эми суунун кымбатташы, телефондорду каттоого 100 сом деген шылтоолорду айтып, аны начар иштеп жатат деген туура эмес. Калыстык үчүн айтып коюш керек. Телефонду каттатуу - мыйзамдуулукту, тартипти сактоо үчүн бүт дүйнөдө колдонулган нерсе. Анын үстүнө 100 сом карапайым калктын чөнтөгүнөн алынбайт. Башка жактан телефон ташып иштегендер каттатуу үчүн төлөшөт. Суу боюнча айта турган болсок, мисалы, 1 литр "Легенда" 20 сом болсо, 1000 литр карапайым калк колдонгон суу 5 сомго барабар. Аны 6-7 сом кылып кымбаттатып койгонун эл байкабай деле калат. Кымбаттатуунун негизинде каражат көптөгөн айылдардагы суу түтүкчөлөрүн жаңылоо же жетпеген жерлерге суу чыгаруу үчүн жумшалат. Бул бюджетке ошол тармакка кошумча акча табуу максатында кымбаттап жатат. Ал эми 100 күн көп иштерди жасап салууга аздык кылат. Өкмөткө убакыт бериш керек", - дейт Самаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Максат Сабиров, Төрөбай Зулпукаров, экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов, коомдук ишмер Манас Саматов, жарандык активист Мавлян Аскарбеков, саясат таануучу Даниел Кадырбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан