Депутат Максат Сабиров премьердин аткарган иши тууралуу: "Азырынча чоң реформаларды көрө элекпиз"

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтүнө 100 күн болот. SUPER.KG порталынын "Анын ишине кандай баа бересиз?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров жооп берди.

Ал азырынча чоң реформаларды көрө электигин белгиледи. "Ротациялар, кызматка дайындоолор болуп жатат. Өкмөт башчы азыр пландаштыруу иши жүрүп жатканын айткан. Азырынча өкмөткө баа бериш оор жана эрте. Премьер-министрдин эң негизги жумушу - мамлекеттин ичиндеги экономиканы көтөрүп анан ошол облустардын административдик өкүлдөрүнүн иштерин жакшыртуу. Азыр баягы мурда келе жаткан жумуштар аткарылып жатат. Бирок жаңы эч нерсе боло элек", - деди Сабиров.

Жогорку Кеңештин депутаттары Урматбек Самаев, Төрөбай Зулпукаров, экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов, коомдук ишмер Манас Саматов, жарандык активист Мавлян Аскарбеков, саясат таануучу Даниел Кадырбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан