Белгилүү орусиялык "Дом-2" реалити-шоусу тартылган жерде жол салынат

Белгилүү орусиялык "Дом-2" реалити-шоусу тартылган жерде жол салынат. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.

Белгилүү болгондой, "Дом-2" долбоору ТНТ каналында 14 жылдан бери эфирге чыгып келет. Тартуу иштери жүргөн негизги "Поляна" аймагы Москва шаарына жакын жайгашкан. Аянты 3 гектарга жакын жер 2014-жылы сатылып алынган.

Маалыматка ылайык, жакынкы арада "Полянада" тартуу иштерин жүргүзүү мүмкүн болбой калат. Анткени Москванын бийлиги Саларьеводон Марьино айылына чейин унаа магистралын салууну көздөөдө. Бул жол шоуну тартуу иштери жүрүп жаткан аймактан өтөт. Тактап айтканда, долбоордун катышуучулары ар кандай маселелерди талкуулап, реалити-шоудон ким кетерин чечкен "лобное место" деп аталган жерден өтөт.

Мындай чечим 2018-жылдын башында кабыл алынган. ТНТ каналынын пиар директору бул тууралуу кандайдыр бир комментарий берүүдөн баш тарткан. Ал эми тартуу иштерин жүргүзүп жаткан топ азыр эле бактардын кыйылып жаткан үндөрү угулуп, тартуу иштерине тоскоолдук жаралып баштаганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Azatbek.Svoboda.
2018-07-27 20:41:12
Мага десе "Дом-2"Унаа Магистралы деп койушсун.Бизге бул жаңылыктын эмне кереги бар?!
0
Patoshik1
2018-07-27 20:49:05
Azatbek.Svoboda., сага керек эмес болсо башкаларга керек. баарыны озундой акылсыз ойлобо
-6
Arsenal93.
2018-07-27 20:42:17
Путиндин да зай-ы чыкса керек да жол салып тегиздеп жок кылайын деген го буларды
+7
almanbetperm
2018-07-27 20:42:41
Жаап жок кылса деле капа эмесбиз
+6
Belle1212
2018-07-27 20:51:27
Истребитель мн бир айланып коюш кк эле ошол жерди озу
+1
toha
2018-07-27 21:15:08
Ал жерди публичный деп коет беле ошондойго эле окшоштура берем мен
+4
Azatbek.Svoboda.
2018-07-27 21:18:46
toha,Цыгандардын уйу.
+1
MAKALAK
2018-07-27 23:37:06
Авария коп болот эми нас баскан зынаа кана ал жер
+2
Aima94
2018-07-28 02:49:12
Кереги жок программа эч жакпайт
0
Nibiru.
2018-07-28 04:05:25
Их всех под асфальт закатат
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан