Интернет колдонуучулар "Брэд Питт дайыма жандап жүргөн айымына окшош стилди тандайт" деп далил катары көптөгөн сүрөттөрдү жарыялашууда

Белгилүү Голливуд актёру Брэд Питт кайрадан көңүл чордонунда. Бул ирет интернет колдонуучулар актёр кимди жандап жүрбөсүн ар убак ага окшошууга аракет кылгандыгын айтып, ага далил катары көптөгөн сүрөттөрдү жарыялашууда.

1. Брэд Питтин кино дүйнөсүнө болгон алгачкы кадамдарынын бири "Даллас" телесериалы аны актриса Шэлейн МакКолл менен жолуктурган. Ал кезде 24 жаштагы анча белгилүү эмес, бирок жылдыздуу Брэд Питти 15 жаштагы МакКолл дароо жактырып калган. Бирок жаштардын мамилеси көпкө созулбай, бири-биринен кол үзүшкөн. Актёрлордун кийинүү стили, чачтарынын түстөрү да окшош экенин бул сүрөттөн көрүүгө болот.

2. Аз гана убакыт болсо дагы Питт голливуддук үй-бүлөдө төрөлүп, өзүнүн актёрдук карьерасын 5 айлык кезинде эле баштаган Кристина Эпплгейт менен да сүйүү мамилесин курууга жетишкен. Бирок бул мамиле көпкө созулган эмес. Жылдыздардын көптөгөн иш-чараларда бирдей стилде кийинип жүргөндүгүн байкоого болот.

3. Актриса Жилл Шоллен менен Питт жөн гана мамиле курбастан, баш кошуу сунушун айтууга жетишкен. Тилекке каршы, мамилелер үлпөт тойго жеткен эмес. Сүрөттөрдө байкалып тургандай, Брэд Питт эч качан бир чач жасалга менен көпкө жүргөн эмес.

4. Тэнди Ньютон менен бир жылга жакын гана убакыт сүйүү мамилесинде болсо да Питт аны менен бир стилде кийингенге жетишип калган.

5. Питт өз тармагынан алыс кетпестен дайыма актрисаларды жандап жүргөн. Гвинет Пэлтроу менен 1995-жылдан 1997-жылга чейин сүйүү мамилесинде болгон. Бул арада актёр чачынын түсүн өзгөрткөнгө жетишкен.

6. Питтин биринчи жубайы Женнифер Энистон экени көпчүлүккө белгилүү. Баш кошкон соң түгөйлөр балалуу болууну каалашкан, бирок Энистондун 2 жолу боюнан түшүп, үй-бүлөдөгү мамилелер бузула баштаган. Көп өтпөй көпчүлүк суктанган түгөйлөр ажырашып кетишкен. Энистон менен бирге болгон учурда күйөрмандар Питти ар кандай чач жасалгасы менен жана ар кандай стилде кийинип жүргөнүнө күбө болушкан.

7. 11 жыл чогуу жашаган Питтин экинчи жубайы белгилүү актриса Анжелина Жоли менен да көптөгөн сыйлык тапшыруу аземдеринде, тасмалардын бет ачарында окшош кийинип жүргөн сүрөттөрүн кезиктирүүгө болот. Голливуддун эң жылдыздуу түгөйлөрүнө айланган Питт менен Жолинин ажырашуусу көпчүлүккө күтүлбөгөн жаңылык болгон.

Интернет колдонуучулардын жана бир нече басылмалардын жогорудагыдай салыштырууларына азырынча Брэд Питт өзү эч кандай комментарий бере элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
vikidiki
2018-07-28 00:41:05
Чын эле. Эл айтса калп айтпайт!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан