Унааларды өз учурунда каттатпай калган айдоочуларга кандай чара көрүлүп жатат? Каттоо кызматынын жообу

Унааларды каттоо жана кайра каттоонун мөөнөтүн 5 күндөн 10 күнгө узартуу боюнча Жогорку Кеңеш 2018-жылдын 24-майында мыйзам кабыл алып, 7-июлда президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашкандай, мыйзамга ылайык, айдоочулар унааларын белгиленген убакытта каттоодон өткөрүшкөн эмес болсо, айып пул салуу каралган.

Бүгүн, 27-июлда SUPER.KG'ге айрым окурмандар кайрылып, айып пул салуу тартибин түшүнбөй жатышканын айтышты. Өзүн Нурбек деп тааныштырган окурман: "Кантип текшерип, кантип айып салышат? Мисалы, унаам мага катталган эмес болуп, жолдо айдап баратканда Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыктын кызматкерлери тосуп калышса, "унаа инимдики" десем, эмне кыла алышат? Ишеним катты дагы сурашпайт. Ошондуктан түшүнө албай жатам", - деп кайрылды.

Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов аталган маселе боюнча түшүндүрмө берди. Анын айтымында, учурда унаасын өз убагында каттоодон өткөрбөгөн жеке жактарга 1000 сомдон, юридикалык жактарга 2000 сомдон айып пул салынып жатат.

"Азыр мыйзам иштеп жатат. Өз убагында каттоодон өткөрбөгөн жеке жактардан 1000 сомдон, юридикалык жактардан 2000 сомдон айып пул алынууда. Мисалы, айдоочу унааны сатып алгандан кийин каттоодон өткөрүү үчүн белгиленген убакыттан кечигип келсе, айып пул каттоо кызматы тарабынан салынат. Ал эми каттоодон учурунда өтпөй калып, унаасын номуру жок айдап баратса, айып Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы тарабынан салынмакчы. Бирок кимдин унаасын айдап жүргөнүңүздү сурашпайт. Себеби азыр колуңузда айдоочулук күбөлүгүңүз бар болсо эле каалаган унааны айдап жүрө аласыз. Болгону уурдалган унаа болбошу керек. 2012-жылга чейин кайсы унааны айдап жүргөн болсоңуз ишеним кат суралчу. Ал азыр жоюлуп кеткен", - деди Эржигитов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Tenirova
2018-07-27 23:50:52
Суроо. Менде тико авто унаа бар. 10жыл адынгы эгесинин атында экен. 2008жылы катоодон откон мен аны карасууга барып издеп келемби. Мен Баткенден болом. А эгер издеп барып тапсам доверность сурасам акча талап кылсачы. Экинчиден айыл окмотуно барсам ал жерден акча талап кылсачы. Баткенден озумо каттатышым учун 5мин акча талап кылынып жатат. Андан коро тикону сатып берип тынч отурганым жакшы эмеспи. Бул нерсенин турушу паракорлук эмеспи. Ишенбесе келсин паракорлукка курошуп жаткандар мени менен бай
+5
taalay25
2018-07-28 01:36:04
Tenirova,??))
0
rysik79
2018-07-28 00:01:22
Мен унааны ишеним кагаз менен эле айдап журом . Ишеним кагаздын мооноту бутконго дагы 6 ай бар эми кандай болот?
0
bizon
2018-07-28 00:58:56
Урматтуу супер бул боюнча толук маалымат берсенер жакшы болмок мен азыркы учурда айдап жургон машинамдын ээсин тптым бирок ал Рассия жергесинде иштеп журот экен поспортунун кочурмосунун негизинде кайра каттоодон откорсо болот бекен билип бериниздерчи сураныч.
0
aslan_akjol89
2018-07-28 01:49:25
bizon,менде да так ушундай маселе.Ээси Москвада,качан келесин десем барышым белгисиз дейт.
0
Bahabrat79
2018-07-28 12:00:38
aslan_akjol89, болбойт. Ал киши өзү паспорту менен келип кол коюп берүүсү зарыл. Башкача жолу Ошол ээсинен генералдык ишеним кат же болбосо сатканга мүмкүнчүлүк берген ишеним кат алуу керек. Ишеним каттын негизинде (ишеним кат кимдин атына жазылса ошол киши) башка кишиге каттатып бере алат
+1
Mamat
2018-07-28 03:00:49
Туугандар машинени сатып алгандан кийин белгиленген убакыттан кечикпей озунорго откоруп алсанар ушундай койгой жаралбайт. Мисалы россияда 10 кундун ичинде озуно откоруп алышын керек. Ар бир инсан жоопкерчиликти сезиш керек кенебестиктен арылып ошого озубузду тарбиялашыбыз керек.
0
talant87
2018-07-28 07:25:06
Сыртан келген машинеге айтып жатышат. мурдагыдай минип журобересин давернос жок эле акенби уконбу менин тушунугум ушундай камерага тушон сага эмес дакменттеги адамга барат айып акчасы
+1
nelli
2018-07-28 09:14:13
Менин машинам РФномер. Доверенность бар. Ээси Подмоскванын бир токоюнда жашайт экен. Москвага барып, ээсин таап учеттон чыгарып жургондон коро пешком эле сатып жиберип жургонум жакшы го.
+1
bek.94
2018-07-28 10:06:56
Ээсин таппай жаткандар эмне кылса болот.
-1
talant87
2018-07-28 10:18:51
Кабар сыртан келген машиналарга тийиштуу . Кыргызтандын ичиндеги машиналарга эмес
+2
Boobek_5
2018-07-28 23:24:24
Эң тынчы коррупция жолу менен өзүңө ээсинин уруксаты жок эле каттатып ал.Же болбосо
Азамат автобазарында ээсинин атынан генреральный доверенность жазып берет экен.Ошол кагаз менен каттоодон чыгартып алсаңар болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан