Бүгүн Борбордук Азия футбол ассоциациясынын мелдешинде Кыргыз футболчулары Тажик курамасы менен беттешет

Бүгүн, 28-июлда футбол боюнча жаштар арасындагы (U-15) Кыргыз курама командасы Өзбекстандын Ташкент шаарында Борбордук Азия футбол ассоциациясынын мелдешинде Тажикстан курамасы менен беттешет.
Белгилүү болгондой, турнирдин алкагында Кыргыз курама командасы бир дагы жеңишке жетише элек. Алар буга чейин Иран курамасына 2:0, Ооганстан курамасына 1:2 жана Өзбекстан курамасына 2:0 эсебинде жеңилип калышкан.
Үч турдун жыйынтыгында алдыда 3 жолу катары менен жеңишке жетишкен Иран жана Өзбек курамалары алдыда келе жатат.
Турнирдик жадыбал:
1. Иран - 9 упай

2. Өзбекстан - 9 упай

3. Тажикстан - 6 упай

4. Ооганстан - 3 упай

5. Кыргыз Республикасы - 0 упай

6. Түркмөнстан - 0 упай

Айта кетсек, 15 жашка чейинки өспүрүмдөр арасындагы аталган мелдеште 6 өлкөнүн курама командалары катышат. Анда Ооганстан, Иран, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кыргыз Республикасынын футболчулары күч сынашууда. Мелдеш 22-30-июль аралыгында Ташкенттин 3 стадионунда өтүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Muratmipa
2018-07-29 14:15:17
Байдын балдары барган ошон учун резултат жок
-2
Rasul94
2018-07-29 15:31:42
Жок дегенде эми ушул тажиктерди женерсинер.женилсенер ысыык ысык саламдарды жонотобуз кечке
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан