"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизилди. Тийиштүү мыйзамга мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 28-июлда кол койгонун президенттик аппараттан кабарлашты.
Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 28-июнунда кабыл алынган мыйзамдын максаты жергиликтүү кеңештердин депутаттарын төш белгилер менен камсыздоо тартибин өркүндөтүү болуп саналат.
Мыйзамда жергиликтүү кеңештин депутатынын күбөлүгүнүн жана төш белгисинин үлгүсүн, ошондой эле алар жөнүндөгү жобону мыйзам аркылуу эмес, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилиши каралган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.