Айсулуу Тыныбекова Түркияда өткөн мелдеште күмүш медаль тагынды

Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова Түркиянын Станбул шаарында өткөн "Yasar Dogu" эл аралык мелдешинде күмүш медалдын ээси болду.

Айсулуу Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмак ченине күч сынашып, Тунис спортчусу Фатма Иноублини кыйынчылыксыз 11:0 эсебинде утуп алды. Чейрек финалдык беттеште Тыныбекова германиялык балбанды 7:0 эсебинде утуп, жарым финалда азербайжандык Элмира Гамбалованы жеңип алды. Финалдык беттеште Айсулуу Тыныбекова болгариялык Тайбе Яссейн менен күч сынашмак. Бирок белгисиз себептерден Айсулуу Тыныбекова килем үстүнө чыкпай күмүш медалды тагынды.

Эске салсак, буга чейин Айсулуу Тыныбекова Кытайда өткөн мелдеште коло медаль жана Испанияда өткөн мелдеште алтын медалды тагынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Sizge.kat
2018-07-30 08:42:41
Чыкканда чабат эле го атайы суйлошуулор болчо керек
0
Shaa-82
2018-07-30 10:08:37
Тартып кетишиптирда ээээ, бизде эле десем башка олколордо да бар экенда. Азаматсын Алтын медаль алдын деп эле эсептейт кыргыз элин!
+5
Busi06
2018-07-30 12:18:01
Куттуктайбыз,алтын кыз! Эмне себептен Алтынга Гилемге чыкпай туруп кумуш алганына тан калып жатам... Тактап койсонор боло Супер?
0
March26
2018-07-30 12:51:53
Ийгилик ар дайым Кыргызстандын желегин желбиретип журо бер Айсулуу ден-соолугун чын Ыймандуу бактылуу кыздардан бол!!!Биз сени менен биргебиз!!!
0
Kylychisa
2018-07-30 13:15:42
Тренерлер акча кылып койгон окшойт деп ойлоп калдым. . . Айсулуу молодец бирок
0
Elaigun1991
2018-07-30 13:29:12
Айсулуу , кыргыз элине коп коп ийгиликтерди алып келдин , элибиз сендейлер менен сыймыктанат ,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан