Испания соту Криштиану Роналдуну 2 жылга эркинен ажыратышы мүмкүн. Бул тууралуу испаниялык басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, туриндик "Ювентус" футболдук клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду салыктарды төлөөдөн баш тарткандыгы үчүн 3 миллион 200 миң евро айып пул төлөп, 2 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Бирок испаниялык мыйзамдарга ылайык, сот футболчуга 2 жыл темир тор артындагы убактысын 2 жылдык сыноо мөөнөтү менен алмаштырат деп айтылууда. Роналду 3 миллион 200 миң евро айып пулдан сырткары, салык органдарына 5 миллион 700 миң евро өлчөмүндөгү чыгым да төлөп берет. Ошондой эле футболчу эсептелген пайыздар үчүн 1 миллион евро жана сыноо мөөнөтүндөгү ар бир күнү үчүн 250 евро төлөйт.
Адистердин айтымында, Роналду төлөй турчу жалпы сумма 19 миллион еврону түзөт. Өткөн жылдын июль айында футболчу сот учурунда ал эч качан эч нерсе жашырбаганын жана салык төлөөдөн эч качан баш тартпастыгын айткан.