Футзал боюнча клубдар арасындагы Азия чемпиондугу: Оштун "EREM" командасынын беттештеринин убактысы белгилүү болду

Футзал боюнча клубдар арасындагы Азия чемпиондугунда катыша турган Оштун "EREM" командасынын беттештеринин убактысы белгилүү болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы маалымдады.

Индонезияда 1-12-август аралыгында өтүүчү клубдар арасындагы Азия чемпиондугунда 16 өлкөнүн чемпиондору катышып, алар 4 тайпага бөлүнгөн. Чүчү кулактын жыйынтыгында Кыргыздын "EREM" командасы "С" тайпасына туш келип, таиланддык "Чонбури Блувейв", катардык "Аль Салия" жана австралиялык "Вик Вайперс" командаларына кез келген.

"EREM" командасы Азия биринчилигинин алкагында алгачкы беттешин 2-августта катардык "Аль Салия" командасына каршы өткөрөт.

Айта кетсек, буга чейин Азия чемпиондугундагы "EREM" командасынын курамы белгилүү болгон.

"С" тайпасындагы беттештердин тизмеси:

1-тур, 2-август:

13:00. "Чонбури Блувейв" (Таиланд) – "Вик Вайперс" (Австралия);

17:00. "Аль Салия" (Катар) – "EREM" (Кыргыз Республикасы).

2-тур, 4-август:

13:00. "EREM" (Кыргыз Республикасы) – "Чонбури Блувейв" (Таиланд);

17:00 "Вик Вайперс" (Австралия) – "Аль Салия" (Катар).

3-тур, 6-август:

17:00 "Чонбури Блувейв" (Таиланд) – "Аль Салия" (Катар);

17:00 "EREM" (Кыргыз Республикасы) – "Вик Вайперс" (Австралия).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Topchu83
2018-07-30 09:57:08
ийгилик
0
a.sheralievic.91
2018-07-30 11:45:41
Группадан чыкса жеңиштей болот
0
monster_high_98
2018-07-30 12:29:43
Состав кучтуу,тактика начар болуп жатат да,эээ билгендер айтып койгулачы купуяга ,ушул майда чуйдо спорт жанылыктарын кайсыл жактан окуса болот, супер жалан гана негизгилерин жазат экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан