Жаш жигит күн карамалардын жардамы менен сүйүктүүсүнө турмуш куруу тууралуу сунушун айтты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, АКШнын Иллинойс штатынын жашоочусу Дэвин Чапмен өзүнүн сүйүктүүсү Валериге баш кошуу тууралуу сунушун өзгөчө билдирүүнү чечкен. Дэвинге бул маселеде жардамга өзүлөрүнүн фермасы бар Валеринин ата-энеси келген.
5 ай бою жигит күн карамаларды атайын белгиленген чийиндер менен өстүргөн. Күн карамалар өскөн жерди асмандан караганда андагы ичке жолдордо "Мага турмушка чыгасыңбы?" деген жазуу түшүрүлгөнүн көрүүгө болот. Бул убакыт аралыгында Валери анын сүйүктүүсү талаада эмне кылып жүргөндүгү тууралуу билген эмес.
Валери ата-энесинен күн карамалар өскөн талаадагы жолдор тууралуу сураганда алар бул сыр экенин билдиришкен. 5 ай өткөн соң Дэвин Валерини сейилдөөгө чакырган, атайын коптердин жардамы менен жигит өзүнүн сүйүктүүсүнө талаа бетиндеги жазууну көргөзгөн.
"Албетте, баш кошуу тууралуу сүйлөшүүлөр болчу. Бирок бул нерсе күн карамалар менен байланыштуу болот деп ойлогон эмесмин. Бул жагымдуу сюрпризди даярдоого менин ата-энем, досторум катышканы сүйүндүрөт", - деп билдирген Валери.