Аламүдүн РИИБинин кызматкери иш убагында баңгизат колдонгондугу белгилүү болду
Аламүдүн РИИБинин бир кызматкери иш убагында баңгизат
колдонгондугу белгилүү болгонун ИИМдин басма сөз кызматы билдирет. 26-июнда ИИМ
тарабынан аталган кызматкер медициналык текшерүүдөн өткөрүлгөн,
жыйынтыгында жогорудагы факты аныкталган. Бул иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.