Кыргыз мушкер Бахтияр Тойчубаев Түштүк Кореяда өткөн эрежесиз уруш боюнча мелдеште жеңишке жетти

Кыргыз мушкери Бахтияр Тойчубаев Түштүк Кореяда өткөн "Road FC" уюмунун эрежесиз уруш боюнча мелдешинде жеңишке жетти. Бул тууралуу мелдештин расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Бахтияр Тойчубаев 61,5 килограмм салмак ченинде күч сынашып, анын атаандашы кореялык Жунг Санг Жин болду. Беттештин жүрүшүндө Тойчубаев өзүн мыкты көрсөтүп, таамай соккуларды узаткан. Жыйынтыгында калыстар бирдей чечим менен жеңишти Бахтияр Тойчубаевге ыйгарган.

Кыргыз мушкер Бахтияр Тойчубаев ROAD FC мелдешинде жеңишке жетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
monster_high_98
2018-07-30 14:39:16
Ушундай спортчулар менен сыймыктанып кетем да
+3
patiydin
2018-07-30 16:13:15
Ооматынды берсин КЫРГЫЗЫМ
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан