Мамлекеттик каттоо кызматына Данияр Үсөнов Кыргыз жарандыгынан чыгуу боюнча арыз менен кайрылган эмес

Мамлекеттик каттоо кызматына мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов Кыргыз жарандыгынан чыгуу боюнча арыз менен кайрылган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда SUPER.KG порталына аталган кызматтын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов билдирди.

"Данияр Үсөновдун паспортунун мөөнөтү болжол менен 3 жыл мурун өтүп кеткен. Жаңы паспорт алган эмес", - деди Эржигитов.

Эске салсак, 27-июль күнү Беларустун жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы премьер-министри, издөөдө жүргөн Данияр Үсөнов тууралуу маалымат жана анын сүрөтүн жарыялаган. Анын учурда "Беларусь улуттук биотехнология корпорациясы" ЖАКсын жетектей тургандыгы, Данияр Үсөнов өзүн Даниил Урицкий деп тааныштыргандыгы интернет колдонуучулары тарабынан кызуу талкууланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
okumushtuu
2018-07-30 16:40:58
и кайрылбайт дагы ал 2013 жылы малайзияда кайтыш болгон арты кайрылуу болсун озу менен озу кетсин.Калган жашын даниил уруцкийге берсин
+2
asash
2018-07-30 22:26:54
okumushtuu,ха-ха-ха-ха, ичти эздин го,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан