Кыргыз мушкерлер Кытайда өткөн аралашкан мушташ өнөрлөрү боюнча мелдеште 3 алтын жана 1 коло медаль жеңип алышты

Кыргыз мушкерлер Дүйнөлүк аралашкан мушташ өнөрлөрү боюнча ассоциациясынын мелдешинде ийгилик жаратышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын ММА жана панкратион федерациясынан билдиришти.

Аталган мелдеш Кытайдын Харбин шаарында өтүп, ага Кыргыз өлкөсүнөн 4 спортчу катышкан. Мелдештин жүрүшүндө 61 килограмм салмак ченинде Чыңгыз Бегматов, 65 килограмм салмак ченинде Бакберген Усенов жана 84 килограмм салмак ченинде күч сынашкан Эдилбек Шакирмамат уулу 1-орунду ээлеп чемпиондук курларды тагынса, 77 килограмм салмак ченинде күч сынашкан Акжол Таабалды уулу коло медалды тагынды. Муну менен Кыргыз мушкерлер жалпы командалык эсепте 3-орунду ээлешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kyialreal
2018-07-31 04:25:49
Акжол азаматсын досум!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан