Апрель окуяларында 100гө жакын адамдын өлүмүнө күнөөлүү делген негизги адамдар ээн-эркин жүрүшөт. SUPER.KG порталынын "Бийлик аларды жоопко тартууга кызыкдар эмеспи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев жооп берди.
Масалиевдин айтымында, Апрель окуясы боюнча соттун өкүмүн бийлик эмес, тийиштүү органдар ишке ашырышы керек.
"Азыркы бийликпи, кечээги бийликпи, айтор, эч ким күнөөкөрлөрдү издеген жок. Снайпер аткан дешти эле, бирок бул иштер да аягына чыккан жок. Аталган иште эки тарап тең күнөөлүү болгон. Данияр Үсөнов жөнүндө сот өкүмү бар. Башкы прокуратура, сот аткаруучулары аларга чыккан өкүмдү аягына чыгарышы керек болчу. Бул алардын милдети. 2010-жылдагы окуяга байланыштуу толук аракеттер жасалбай жатат", - деди Масалиев.
Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин 2010-2011-жылдардагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, 2010-жылы Апрель окуясынын убагында УКМКнын төрагасынын орун басары болуп турган Артур Медетбеков, 2010-жылы Убактылуу өкмөт учурундагы коргоо министринин милдетин аткарып турган Исмаил Исаков жана коомдук ишмер Сагынбек Абдрахмановдун пикири бул шилтемеде.