Апрель окуясында 100гө жакын адамдын өлүмүнө күнөөлүү делген негизги адамдар ээн-эркин жүрүшөт. SUPER.KG порталынын "Бийлик аларды жоопко тартууга кызыкдар эмеспи?" деген соболуна коомдук ишмер Сагынбек Абдрахманов жооп берди.
Ал учурдагы бийлик бул маселе боюнча алдыда чара көрөрүнө ишене турганын билдирди.
"Менин оюмча, учурда бийлик башка маселелер менен алаксып калды. Коррупция менен күрөшкө, аймактарды өнүктүрүүгө катуу көңүл бурулуп, Апрель окуясы козголбой жаткан. Буга чейин да 2 президент кетти. Алар чын дили менен Апрель окуясынын күнөөкөрлөрү менен күрөшкөндө аягына чыкмак. Атайын кызматка тапшырма берсе, айыптууларды кармайт эле. Албетте, Данияр Үсөновдун башка ысым алып жүргөнү өкүнүчтүү. Мен 2005-жылкы, 2010-жылкы саясий окуяларга жакындан катышып жүргөм. Менимче, Убактылуу өкмөткө мүчө болгондор Апрель окуясына тийиштүү күнөөкөрлөрдү кармап, жазалоого аракет кылбайт. Алардын кызыкчылыгы жок деп ойлойм", - деди Абдрахманов.
Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев, Исхак Масалиев, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин 2010-2011-жылдардагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, 2010-жылы апрель окуяларынын убагында УКМКнын төрагасынын орун басары болуп турган Артур Медетбеков, 2010-жылы Убактылуу өкмөт учурундагы коргоо министринин милдетин аткарып турган Исмаил Исаков жана коомдук ишмер Сагынбек Абдрахмановдун пикири бул шилтемеде.