2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Исмаил Исаков: "Данияр Үсөновду алып келүүгө азыркы бийликте толук мүмкүнчүлүк бар"

Апрель окуясында 100гө жакын адамдын өлүмүнө күнөөлүү делген негизги адамдар ээн-эркин жүрүшөт. SUPER.KG порталынын "Бийлик аларды жоопко тартууга кызыкдар эмеспи?" деген соболуна 2010-жылы Убактылуу өкмөт учурундагы коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков жооп берди.

Исаков мыйзамдуулукту аткарабыз десек, анда мындай иштерде тийиштүү органдар ыкчам аракеттерди көрүшү керектигин билдирди.

"Азыркы бийлик мыйзамдуулукту так аткарам деп келген болсо,кылмыш иши козголгон адамдар менен иштеген УКМК, Башкы прокуратура аларды алып келгенге, жазага тартканга чоң аракет жасашы керек, негизги милдет ушуларда. Өзүнүн мыйзамын сыйлаган өлкөлөрдө мындай нерсеге катуу чара көрөт, биз дагы тийиштүү өлкөлөргө маселени кабыргасынан коюп, "өткөрүп бергиле, алар кылмышка катыштыгы бар адамдар" дегенде бир жыйынтык чыкмак. Азыр маалыматтар чыкты, учурдагы бийлик ойлонуп, туура маселени жүргүзөт деп ойлойм. Тышкы иштер министрлиги нота жөнөтүптүр, бул дагы бүгүнкү бийликтин иши. Мындан кийин тийиштүү кызматтар өз аракеттерин көрүшү керек. Бизде да эки тараптуу келишимдер бар, ошолордун негизинде алып келүүгө аракет жасашы керек", - деди Исаков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Абдывахап Нурбаев, Исхак Масалиев, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин 2010-2011-жылдардагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, 2010-жылы апрель окуясынын убагында УКМКнын төрагасынын орун басары болуп турган Артур Медетбеков, коомдук ишмер Сагынбек Абдрахмановдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан