2012-жылы ЖРТнын жыйынтыгы боюнча алтын сертификат алган бүтүрүүчүлөрдүн көбү медицина жана инженердик кесипти тандашкан

2012-жылы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен алтын сертификат алган бүтүрүүчүлөрдүн 11и медициналык, 11и инженердик, 7си экономикалык багытта билим алууну тандашкан. Ал эми 4 бүтүрүүчү математика, дагы 4 бүтүрүүчү эл аралык мамилелер, экөөсү юриспруденция, бирөөсү психология, бирөөсү жарнама, бирөөсү архитектура дизайны, бирөөсү дин тармагындагы кесиптерди тандашкан. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Ошондой эле быйыл эң жогорку балл алган бүтүрүүчүлөр да каалаган окуу жайына сынаксыз кабыл алынышып, билим алышмакчы. Окууга кабыл алуу Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан абитуриенттерди тандоонун 1-туру башталгыча болмокчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан