Нарын шаарында өткөн жаштар арасындагы (U-15) футбол боюнча Өлкө кубогунда Бишкектин курамасы жеңүүчү аталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынан билдиришти.
Аталган мелдеште өлкөбүздүн бардык аймактарынан келген 9 команда катышып, алар 2 тайпага бөлүнгөн. Тайпалык жана плей-офф баскычынын жыйынтыгында 3-орун үчүн Чүй облусу менен Ош шаарынын курамалары кез келсе, финалда Бишкек шаарынын жана Жалал-Абад облусунун курамалары кездешти.
Финалдык беттештин жүрүшүндө Бишкек командасынын оюнчусу Бектур Абдывалиев 45-мүнөттө айырмаланып командасына жеңиш алып келди.
Ал эми коло байгелер үчүн таймашта Чүй облусунун курамасы 3 жоопсуз гол киргизди. Анда Данила Пилипас, Адил Рустамбек уулу жана Егор Лесков айырмаланышты.
Муну менен алтын медалды Бишкек шаарынын курамасы, күмүш медалды Жалал-Абад облусунун курамасы жана коло медалды Чүй облусунун курамасы тагынды.