"EREM-2" жана "Салам-Алик-4" командалары кум жээктеги волейбол боюнча Өлкө чемпиондугунун 2-турунун жеңүүчүлөрү болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган мелдеш Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылында 20 команданын катышуусунда өттү. Анда эркектер арасындагы мелдеште 8 команда күч сынашса, кыз-келиндер арасында 12 команда күч сынашты.
Эркектер арасындагы мелдеште Уларбек Маматкулов жана Өмүр Жунусовдон түзүлгөн "EREM-2" командасы финалдык беттеште Улан Алишеров менен Кошой Каныбек уулунан түзүлгөн "Улар" командасын утуп алды. Ал эми 3-орунду Нургазы Кудайкулов менен Ильяз Алихановдон түзүлгөн "Билим-2" командасы ээледи.
Кыз-келиндер арасындагы мелдеште 2-турдун жеңүүчүсү "Салам-Алик-4" (Марина Гришаева жана Мадина Муслимова) командасы утуп алды. Алар финалда Юлия Сушкова жана Алия Шумкарбековадан түзүлгөн "Салам-Алик-1" командасын жеңип алган. 3-орунду "Дордой-1" (Анна Бойко жана Нургиза Масимова) командасы ээледи.
Кум жээктеги волейбол боюнча Өлкө чемпиондугунун 3-туру 17-19-августта орун алат.
2-турдун жыйынтыгы:
Эркектер арасындагы мелдеште:
"EREM-2" - 16 упай;
"Улар" - 14 упай;
"Билим-2" - 12 упай;
"Билим-1" - 10 упай;
"Кара-Балта" - 8 упай;
"Сконда-1" - 6 упай;
"Сконда-2" - 4 упай;
"Ала-Тоо" - 2 упай.
Кыз-келиндер арасындагы мелдеште:
"Салам-Алик-4" - 24 упай;
"Салам-Алик-1" - 22 упай;
"Дордой-1" - 20 упай;
"Улар-1" - 18 упай;
"Дордой-2" - 16 упай;
"Улар-2" - 14 упай;
"Билим-1" - 12 упай;
"Салам-Алик-2" - 10 упай;
"Сконда" - 8 упай;
"Салам-Алик-3" - 6 упай;
"Ала-Тоо" - 4 упай;
"Билим-2" - 2 упай.