Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн Борбордук Азия футбол ассоциациясынын мелдешинде жаштар арасындагы (U-15) Кыргыз курама командасы 5-орунду ээледи. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынан билдирди.
Аталган мелдеште 6 өлкөнүн 15 жашка чейинки курама командалары катышып, анда Ооганстан, Иран, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кыргыз Республикасынын футболчулары күч сынашты. Мелдештин жыйынтыгында Кыргыз курамасынын машыктыруучусу Нурлан Букуевдин шакирттери 1 жолу гана жеңишке жетип 3 упай менен 5-орунду ээлеп калды.
Мелдештин жеңүүчүсү Иран курама командасы болсо, күмүш медалды Өзбекстан курамасы, ал эми коло медалды Тажикстан курамасы тагынды.
Ошондой эле Кыргыз курама командасынын капитаны Ырыскелди Тыныбеков “Fair play” аттуу жеке сыйлыгына ээ болду.
Мелдештеги Кыргыз курама командасынын жыйынтыгы:
1-тур, Иран-Кыргыз Республикасы — 2:0;
2-тур, Ооганстан-Кыргыз Республикасы — 2:1;
3-тур, Кыргыз Республикасы- Өзбекстан — 0:2;
4-тур, Кыргыз Республикасы-Тажикстан — 0:2;
5-тур, Түркмөнстан-Кыргыз Республикасы — 0:4.