SUPER.KG порталынын "Соңку кабар" бөлүмүнүн "Элдик кабар" рубрикасына "Көлдүн жээгинде тапкычтык менен жасалган таштанды салчу челектер көңүл кубантты" деген кабарды жөнөткөн.
Анда окурман Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөмбаев айылында эс алуучулар сууга түшүүчү кумдуу жээкте тапкычтык менен жасалган таштанды таштоочу урналар орнотулганын жазган.
"Көпчүлүк адамдарда бар болгон темир челектерден жасалган таштанды салчу урналар дароо көзгө урунат экен. Атайын орнотулуп жана сыртына жазылган челектерге таштандыны иреттеп салат экенсиң. Дал ушундай урналар орнотулса, эл таштандыны иреттеп ыргытканды үйрөнүп айлана-чөйрө тазарып калат беле", - деп билдирген окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.