ЖЫЛНААМА, 1-АВГУСТ: Кыргыздын мурдагы президенти Курманбек Бакиев 69 жашка толду

Кыргыз мамлекетинин мурдагы президенти Курманбек Бакиев 69 жашка толду. Ал 1949-жылы 1-августта Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Масадан айылында туулган. 1966-жылы орто мектепти бүтүргөндөн кийин Куйбышевдеги Политехникалык институтунун автоматика жана өлчөө техникасы бөлүмүнө кирген.1970-жылы Куйбышевдеги Масленников атындагы заводдо жумушчу болуп иштеп эмгек жолун баштаган. Ал эми 1974-1976-жылдары советтик армиянын катарында кызмат өтөп, 1976-1979-жылдары ошол эле заводдо инженер-электромеханик болуп иштеген.

Бакиев 1979-жылдан баштап Жалал-Абад шаарындагы “ШР” заводунда инженер жана башкы инженердин орун басары, 1985-жылдан баштап Көк-Жаңгак шаарындагы “Профиль” заводунун директору, 1990-жылы Кыргызстан коммунисттик партиясынын Көк-Жаңгак шаардык комитетинин биринчи катчысы, эл депутаттарынын шаардык кеңешинин төрагасы, 1990-1991-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты, 1991-жылдан тартып Жалал-Абад облустук кеңешинин төрагасынын орун басары, 1992-жылы Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрациясынын акими болуп эмгектенген.Ал 1994-жылы мамлекеттик мүлк фондусунун төрагасынын орун басары, Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары болуп иштеп, 1995-1997-жылдары Жалал-Абад жана Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатору болуп кызмат өтөгөн. 2000-2002-жылга чейин премьер-министр, 2002-2005-жылдары №15-Ала-Бука шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттыгына шайланган.

2005-жылы 24-мартта элдик ыңкылап ишке ашып, ошол элдик ыңкылапты жетектеген Бакиевди Кыргыз эли президенттикке көрсөтүшкөн. Ал эми 2005-жылдын 14-августунда жалпы элдик шайлоодо 88,72 пайыздан ашык добуш менен Бакиев президенттикке шайланып, мамлекет башчысынын ыйгарымдарын аткарууга расмий түрдө киришкен.
2009-жылкы президенттик шайлоодо Курманбек Бакиев шайлоочулардын 85,48 пайыз добушу менен экинчи жолу президент болуп шайланган. 2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин бийликтен кетишин талап кылып эл көтөрүлгөн. Андан соң ал 15-апрелде Казакстан аркылуу Беларуска кеткен. Ушул тапта ал Минск шаарында жашайт.

1-августка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан