“Балдарым, эч качан бөлүнбөгүлө, түндүк, түштүк деп бири-бириңерди жектебегиле”,- деди бүгүн, 28-июнда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында жалпы республикалык тестирлөөдөн алтын сертификаттарга ээ болгон бүтүрүүчүлөрдү жана президенттик стипендияга ээ болгон студенттерди сыйлоо аземинде. Ата-бабаларыбыз эч убакта бөлүнгөн эместигин айткан өлкө башчы “силер Кыргызстандын үмүтүсүңөр. Кыргызстан, Кудай буюрса, бутуна туруп кетет. Мамлекетибизге баарынан мурун ынтымак керек. Бири-бириңерди сыйлагыла”,- деди.