Зордуктоого шектелип 5 жылга эркинен ажыратылган Олимпиаданын 2 жолку чемпиону Кыргыз жергесинде машыктыруучу болот

Зордуктоого шектелип 5 жылга эркиндигинен ажыратылган дзюдо боюнча Олимпиаданын 2 жолку чемпиону япониялык Масато Утисиба Кыргыз жергесинде машыктыруучу болот. Бул тууралуу япониялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Масато Утисиба 2004-жылы Афиныда өткөн жана 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиадада чемпион аталган. Ал 2011-жылы студент кызды зордуктады деп шектелип камакка алынган. 2013-жылы Утисибанын күнөөсү далилденип, спортчу 5 жылга эркининен ажыратылып, Япониянын дзюдо федерациясынан четтетилген.

SUPER.KG'ге өздүк булактар билдиргендей, Масато Утисиба Кыргыз өлкөсүндөгү дзюдо клубдарынын бирине машыктыруучу болот.

"Масато Утисиба Олимпиада чемпионунун тажрыйбасын үйрөтүү максатында өлкөбүздө жаңы ачылган дзюдо клубуна машыктыруучу болот. Ошондой эле ал Кыргыз курама командасына 2020 жана 2024-жылы өтө турган Олимпиада оюндарында ийгиликтүү жыйынтык көрсөтүүгө жардам берет. Азыркы тапта Масато Утисиба Кыргыз өлкөсүнө келип, келишим боюнча август айында жумушун баштайт", - деп билдирди өздүк булактар.

Японияда зордуктоо үчүн соттолгон дзюдочу Кыргыз жергесинде машыктыруучу болот
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
asdef
2018-07-31 14:28:56
Кыздарды жонотпогуло дзюдого
+23
Shaa-82
2018-07-31 14:43:47
Озубуздо педофилдер жетпей аткансып муну дагы не алып келтасынар? Башка жок бекен машыктыруучу?
+26
Kyrgyz_eli
2018-07-31 15:51:19
Муну башка мамлекеттерде жумушка албайт. А биздин маймылдарга бары бир. Соттолгон болсо деле мындай жумуштарга алып жатышат. Кыргызстандын иши бутуп баратат. Бир гана акча деп журуп элдер мамлекетти жок кылышат. Чондоп ган куноолуу эмес жонокой элдер да ач коз бизде. Торолгондон олгонго чейин коррупция. Мисал шоро саткан аял стакан жууп кайра куюп атат. Анан президентке асылышат жонокой шоро аял ушуну кылып жатканда кслганы эмне болот
+16
aibars
2018-07-31 15:57:49
Чемпион болсо эмне экен, бул Японияда мусор болуп эсептелинет. Биз эмне ушунун машыктыруусуна муктажбызбы? Педофил жана зекке бизде орун жок.
+13
ma2as
2018-07-31 16:01:49
Наркоман болобу , бандит болобу , кыргыздын спортчуларын денгелин которсо болдуда . Колдон эч нерсе келбейт , жамандаганды укмуш билебиз Кыргыздар . Бири бирибиздин ХХХ ХХХ . Эскини унутуп алдыга умутулуу жок .
-11
Nanei
2018-07-31 16:16:16
Озубуздо кылмышкерлер бир поезд, эми япониядан да келишим менен ишке чакырып атыпсынар зордукчул немени. Баракелдеее
+11
admin_media
2018-07-31 18:51:43
Jigitchem,Talant_27, порталдын эрежелерин сактоону сунуштайбыз.
-9
kyialreal
2018-08-01 03:52:29
Мен каршы деле эмесмин.ошол кыздын да бирдемкеси бардыр. Баарынар эле тен аппак эмессинер. Озубуздун машыктыруучулар кыйраттабы, даже азияда алалбайт. Бул да бир жакшылыка
-4
admin_media
2018-08-01 10:21:35
pyeon hwa,Jigitchem,Talant_27,Rasul94,Rasul94, порталдын эрежелерин сактоону сунуштайбыз. Билдирүүлөрүңөр өчүрүлдү!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан