Кыргыз шахматчылары Ысык-Көлдө өткөн эл аралык мелдеште 2 алтын медаль жеңип алышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын шахмат федерациясынан билдиришти.
Аталган мелдеш Орусия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргыз өлкөсүнүн спортчуларынын катышуусунда өттү. Анда шахматчылар 5 жаш категорияда күч сынашып, жеңүүчүлөрдү аныкташты.
Мелдештин жыйынтыгында Кыргыз шахматчылар жалпы 9 медаль жеңип алышты, алардын арасында 2 алтын, 3 күмүш жана 4 коло медаль бар.
Алтын мелдалдардын ээлери Руслан Съездбеков жана Таалайбек Жайнаков болду. Съездбеков улуулар арасындагы мелдеште 6 жолу жеңишке жетип, 3 беттеште атаандашы менен тең эсепте ойногон. Ал эми Таалайбек Жайнаков 8 беттеште жеңишке жетип, 1 беттеште жеңилүү ызасын тартып калган.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
6 жашка чейинки шахматчылар арасында:
1-орун: Элсултан Калахмет (Казакстан);
2-орун: Алихан Толобалдиев (Кыргыз Республикасы);
3-орун: Нурали Текинов (Кыргыз Республикасы);
8 жашка чейинки шахматчылар арасында:
1-орун: Назар Талгатов (Казакстан);
2-орун: Эрхан Зарылыков (Кыргыз Республикасы);
3-орун: Адижан Эсенгали (Казакстан);
10 жашка чейинки шахматчылар арасында:
1-орун: Бахром Бахриллаев (Өзбекстан);
2-орун: Элназ Калахмет (Казакстан);
3-орун: Алан Тасмуханов (Казакстан);
12 жашка чейинки шахматчылар арасында:
1-орун: Таалайбек Жайнаков (Кыргыз Республикасы);
2-орун: Жанибек Бахтиёров (Өзбекстан);
3-орун: Тилек Сулайманов (Кыргыз Республикасы);
16 жашка чейинки шахматчылар арасында:
1-орун: Самандар Шермухаммадов (Өзбекстан);
2-орун: Мехриддин Шарифов (Тажикстан);
3-орун: Владислав Онуфриенко (Кыргыз Республикасы);
Улуулар арасындагы мелдеште:
1-орун: Руслан Съездбеков (Кыргыз Республикасы);
2-орун: Азиз Умарбеков (Кыргыз Республикасы);
3-орун: Арзыбек Съездбеков (Кыргыз Республикасы);