Бүгүн, 28-июнда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында президенттик стипендия менен 27 студент сыйланды. Маалым болгондой, бул стипендияга жалпы 97 студент документ тапшырган. Аларды 2 турда тандоо болуп, биринчисинде атайын комиссиянын кароосунан өткөн соң, 2-турда Билим берүү жана илим министри Канат Садыков жана Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев тандоо жүргүзгөн.