Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарынын башчысы Пак Вон-сун шайлоо алдында элге берген убадасын аткарам деп, күн куйкалаган ысыкта кондиционери жок үйдө жашап жатат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттары жазышууда.
Мэр шарты начар болгон райондордун бирин тандап алып, 30 чарчы метр болгон жупуну үйлөрдүн бирине 22-июлда көчүп кирген. Бир айга созула турган сыноо мөөнөтүндө Пак Вон-сун райондун тургундарынын кыйынчылыгын өз жон териси менен сезип көрмөкчү.
Аталган өлкөнүн президенти Мун Жэ Ин Сеулдун шаар башчысына белек иретинде желдеткич жөнөттү. Ошол эле учурда Пак Вон-сундун мындай кадамын пиар деп эсептеп, күн сайын оппоненттери убактылуу жашап жаткан үйүнө келип жатышат. Алардын айтымында, Сеулдун мэри маселени чечпей эле, саясий шоу көрсөтүү менен алек болууда.
Пак Вон-сун учурда жубайы менен жашап жаткан батир бир кабаттуу үйдүн чатырында жайгашкан. Сеулда мындай батирлердин акысы салыштырмалуу арзан болуп, адатта студенттер жана кары адамдар жашашат. Чатырда жайгашкан үйлөр жайында өтө ысык, кышында өтө суук болуп, коопсуздугу да жакшы каралган эмес.
Маалымат үчүн: Пак Вон-сун Сеул шаарынын башчысы болуп өткөн айда үчүнчү ирет шайланган. Ал Түштүк Кореянын борборун 2011-жылдан бери башкарып келет, учурда 62 жашта.