Бүгүн кыргыз эстрада ырчысы Съездбек Искеналиев 38 жашка толду. Ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкканыбызда, SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирип, бүгүнкү маанайы менен бөлүштү.
"Туулган күндүк маанайым абдан сонун. Жыл сайын туулган күнүмдө үй-бүлөм менен кереметтүү Ысык-Көлүбүзгө келип, эс алып кетебиз. Быйыл дагы туулган күнүмдү үй-бүлөмдүн курчоосунда көлдүн жээгинде белгилеп жатам", - дейт ырчы.
Ырчынын "Супер-Инфо" гезитине берген маегинен үзүндүлөр:
"Апамдын 40 жашында көргөн 10 баладан кийинки эркеси да, эң ыйлаагы да мен болдум. Атабыздан эрте айрылдык. Апам бир этек балдары менен 1990-жылдардагы кыйынчылыкты басып өттү. Бизге бар-жокту билгизген жок. Айылдагы эң даанышман, калыс, кыраакы, кадыр-барктуу апалардын бири болчу. Туугандар арасында түгөйлөр урушуп калышса аларды бат эле элдештире коюп, ала качып келген келиндердин чатагын бир заматта басып отургузуп койгон сөзү өтүмдүү жайы бар эле. Анан да колунан көөрү төгүлгөн уз болчу. Өз колу менен жасаган шырдактары, саймалары абдан кооз. Байпак жамаса да бир башкача оригиналдуу кылып коёр эле. Сүрсүгөн эт менен чучук кошуп бышырылган тамагынын даамы алигиче оозумдан кетпейт".
"Мен бала кезден ыр-бийге жакын өсүп, "чоңойгондо популярдуу ырчы болом" дечүмүн. Мектепте кароо-сынактардан калбай, 7-классымда "Максат" деген ансамблде солист болуп ырдадым. 9-классты бүтүп, Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын кыл кыяк факультетине тапшыргам. Бирок кесибиме көп көңүлдөнбөй, жакшы окуган жокмун. Алгачкы "Өмүр" деген ырымды байкем демөөрчүлүк кылып жаздыргам. Ал ырым көпкө күттүрүп, акыры радиолордон жаңыра баштады"."Бир ыр жаздырып алгандан кийин аны улантыш керек болду. Студентмин, акчам өзүмө араң жетчү. Бир жолу апам "кышкыга бут кийим ал" деп акча берди. Аны алдым да, "Эсимде" деген ырымды жаздырып салдым. Көп өтпөй апам менен чогуу базарга барып калдык. Ал күнү кар бурганактап жаап турган. Менин өтүгүм жыртык, аябай үшүп, чыдабай кеттим. Апама "үшүп кеттим" десем, "акча бербедим беле, аны эмне кылдың?" деп жатпайбы. "Ыр жаздырдым" деп ачыгын айтууга туура келди. Апам байкуш мага боору ооруп, кайра баштан-аяк кийим сатып берген".
"Кийин кафеде ырчы болуп жүрдүм. Бир күнү үйгө келсем эки байкем, апам үй-бүлөлүк кеңеш кылып отурушуптур. "Пайдасы жок кесипти эмне кыласың?" деп мени аябай урушушту. Мен болсо көгөрүп, "эмне кылсаңар ошол кылгыла, мен баары бир ырчы болом" деп туруп алдым. Аларды коркутуп башка бөлмөгө чыгып алып өңгүрөп ыйлайм да, ортодо эмнени сүйлөшүп жатышат болду экен деп акырын тыңшап коём. Эртеси байкем келди да, "аппарат канча турат?" деди. Мынча деп баасын айтсам, акчаны санап колума карматып койду. Апам болсо 10 кой берип, ошондо аппаратура сатып алгам.
Менин кыргыз эстрадасына алынышыма аранжировкачы Жолдош Апасовдун салымы чоң".
"Жолдош Апасов "Эсимде", "Селки" деген ырларыма аранжировка жасаган. Мени ошол чыгармалар популярдуу кылды. Мага суроо-талап күч болуп турган чакта, 2005-жылы күзүндө жеке концертимди бердик. Ошондо кишинин келгенин сураба. Кийимимди да өзгөчө кылалы деп, 20 суурдун терисин таап костюм тиктиргем. Тери кургабай калган экен, ал сасып, ырдап бүткөнчө жүрөгүм айланып араң чыдагам. Концерттен кийин барганда батирибиздеги ваннанын ичи гүлгө толуп калган".
Ырчы 1980-жылы 2-августта Нарын облусунун Кочкор районундагы Кызыл-Дөбө айылында туулган. Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын кыл кыяк бөлүмүн бүтүргөн. Бирок эмнегедир музыкалык аспапка көңүлү тартпай, эстрада ырчысы болууну кыялдана берчү. Кийин ошол тилегине жетип, чоң сахнанын босогосун “Селки” ыры менен аттаган.
Ырчылыктан тышкары тасмаларга катышып, режиссёрлук жаатында да иштеп келет. Кино тармагында алгач "Боз салкын" тасмасындагы Мураттын ролун аткарган. Андан соң “Карт бойдок”, “5000 сом” тасмаларына тартылган. Репертуарында "Ой, тобо", "Жалгыз гүл", "Түшүмдө", "Мына минтип", "Жубайыма", "Аруу кызым", "Күлүп жаша", "Кызгалдак" ж.б 60тан ашуун чыгармасы бар.
Ырчы жубайы Жаркынай менен 2006-жылы баш кошкон. Учурда жубайлардын ортосунда 2 кыз, 1 уулу бар.
2-августтун жылнаамасы.